Баткенде мектептердин даярдыгы текшерилүүдө
Баткен облусунун аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков баштаган жетекчилер, мектептердин оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, коопсуздукту камсыз кылуу максатында текшерүүдө жүрүшөт.
Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү жайларындагы оңдоп түзөө иштери, мектептин айлана чөйрөсүн иретке келтирүү, эмеректер, окуу китептер менен камсыздоо жана санариптик жабдуулардын жеткиликтүүлүгүнө көңүл бурулууда.
Ошондой эле мектептердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында өрт коопсуздугуна байланышкан талаптардын аткарылышы, видеокөзөмөл системаларынын иштеши жана мектеп айланасындагы тазалык, тосмолордун бекемдиги да каралды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге айрым кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча тапшырмалар берилди.