Баткенде кыргыз-өзбек биргелешкен айыл чарба жарманкеси өттү

Бүгүн 15-ноябрда Баткен шаарында “Алтын күз” Эл аралык айыл чарба жарманкеси өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн бсма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш чара Баткен району менен Баткен шаарынын Өзбек Республикасынын Рыштан жана Сох райондорунун дыйкан фермерлеринин, ишкерлерин колдоо жана кызматташуусуна шарт түзүү максатында уюштурулган.
Жарманкеге аталган райондордун айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр органикалык таза, натуралдуу азык түлүктөрүн алып келишкен.
Иш чаранын расмий бөлүгүндө сөз сүйлөгөн КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, “түшүм жыйылып, кырман толгон күз айларында өтүп жаткан бүгүнкү иш чара биринчи кезекте элибиз үчүн жагымдуу саамалык болду. Бир тууган кыргыз-өзбек элдеринин ынтымагы кылымдарга жашасын, тынчтыкта, токчулук- молчулукта карым катнашыбыз чыңдала берсин. Аймактын агрардык тармагын өнүктүрүүгө багытталган бул иш чаралар Баткен жана Фергана облусунун айыл чарба жаатында кызматташуусу үчүн эң пайдалуу аянтча болот, ишкерлер да өндүрүштүк жааттагы кызматташууга көңүл бурат” деген ишеничин билдирди.
Жарманкеге катышкан Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Өзбек Республикасынын Риштон районунун акими Бахадир Холиков, Сох районунун акиминин орун басары Муслимбек Мавлонбековдор, өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын көрүп чыгып, ар биринин ишмердүүлүгү боюнча баарлашышты.

Связанный пост