Баткенде курал-жарак жана ок-дарылар катылган жай табылды

Баткен районунун Самаркандек айылында ок-дарылар жана ок атуучу куралдар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Самаркандекке жакын чек ара тилкесинде кароосуз калган көмүр шахтасынын кире беришинде жашыруун жай табылган. Катылган сумкалардын жана кутулардын ичиндегилерди текшерүү учурунда 5,45; 7,62-39; 7,62-52 жана 7,62-54 мм калибриндеги 20 миңге жакын патрондор, ошондой эле РПГ-18 системасынын Муха гранатометинин 3 бирдиги табылган.

Көрсөтүлгөн ок-дарылар жана ок атуучу куралдар Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын чек арага чектеш участкаларында коомдук-саясий кырдаалды курчутууга кызыкдар болушу мүмкүн болгон криминалдык жана башка кыйратуучу элементтер тарабынан кылмыштуу максаттарда пайдаланылышы мүмкүн экендиги жокко чыгарылбайт.

Учурда УКМК органдары тарабынан ок-дарылардын жана танкка каршы кол гранатаметтеринин аталган жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост