Баткенде каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон берилди
![Баткенде каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон берилди](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/12/322714650_1347093606118365_5744941827861291845_n-850x540.jpg)
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов үстүбүздөгү жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгон Ош облусунун тургундары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы өзүнүн резервдик фондунан 5 жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон, Баткенден эвакуация болуп, учурда Ош облусунда жашап жаткан 1 үй-бүлөгө 20 миң сом бөлүм берди.
Облус башысы өз сөзүндө чек араны коргоп жатып курман болгон жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын баса белгилеген.