Руслан Казакбаев Түркиянын президенти Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырды

 Руслан Казакбаев Түркиянын президенти Эрдоганга ишеним грамотасын тапшырды

Кыргыстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ишеним грамоталарын тапшырууга байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу азем Анкарадагы президенттик сарайда өттү.

“Түркиянын президентине ишеним грамоталарын тапшыргандан кийин эки тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө элчи Казакбаев президент Эрдоганга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан келе жаткан жаңы жылга карата саламын жана жакшы каалоо-тилектерин айтты”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуу учурунда тараптар мамлекеттер ортосундагы тарыхый достук жана бир туугандык мамилелердин жогорку стратегиялык деңгээлин белгилешти.

Кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн, кеңейтүүнүн жана чыңдоонун жолдору, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы көп тараптуу форматтагы мамилелер кеңири талкууланды.

Руслан Казакбаев кыргыз тарап эки боордош мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгилеп, ошондой эле президент Садыр Жапаровдун президент Эрдоганды 2023-жылы Кыргыз Республикасына иш сапары менен кетүүгө чакыруусун эске салды.

Режеп Тайып Эрдоган өз кезегинде Руслан Казакбаевди Түркиядагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады. Ошону менен бирге, түрк тарап элчинин ишине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык бир туугандык мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө жана бекемделишине ишенимин билдирди.

Связанный пост