Баткенде күрүчтүн түшүмү жыйналууда
Баткен облусунун Кадамжай районунда күрүч жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат.
Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, дыйкандар бул жылы түшүм мол болуп, ар бир гектардан 37 центнерге чейин күрүч жыйналып жатканын билдиришти.
Аймактагы дыйкандар кооперативдерге биригип, түшүмдүүлүктү жогорулатууга аракет кылышууда. Учурда райондо ар кандай багыттагы 76 кооператив иштейт.
Кадамжай районунда 3220 гектар күрүч талаасы бар, андан жыл сайын орто эсеп менен 12,200 тонна күрүч жыйналат. Жыйналган күрүч Кыргызстандын ички базарынан тышкары, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана АКШга да экспорттолот.
Түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн дыйкандарга окутуулар уюштурулуп, сууну аз талап кылган жаңы үрөндөр жана заманбап айдоо методдору сунушталууда.
Ошондой эле күрүчтү дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык таңгактоо жана экспорттоо колго алынды. Учурда облуста эки ишкана иштеп жатса, дагы бир ишкана ачылуу алдында турат.
Аймакта күрүчтү кургатуучу алгачкы ишкананын ачылышы дыйкандардын ишин жеңилдетти. Буга чейин алар күрүчтү жолдо кургатууга мажбур болушчу.