Баткенде Исфайрам-1 чакан ГЭСи март айына чейин ишке берүү пландалууда

 Баткенде Исфайрам-1 чакан ГЭСи март айына чейин ишке берүү пландалууда

Баткенде Исфайрам-1 чакан ГЭСи март айына чейин ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна иш сапары менен келди.

Ал алгач Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында курулуп жаткан “Ифайрам 1” чакан гидро электро станциясына барды.

Ак -Буура Групп Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Исфайрам дарыясына курулган чакан ГЭСтин кубаттуулугу 4 МВт.

Сметалык баасы 2,81 млн АКШ доллары.

ГЭСке суу жеткирген каналдын узундугу 3,7 км, туурасы 25 метр.

​Обьекттин жалпы ээлеген аянты 9,25 га.

ГЭстин ишке берилиши менен 30га чейин жумуш орун түзүлөт.

Учурда каналдын курулушу аяктаган. 4 МВт кубаттуулугунда генароторлору экспертизадан өткөрүлүп, орнотуу иштери жүрүп жатат.

Аталган объектти 2024-жылдын март айына чейин ишке берүү пландалып жатат.

ГЭстин ишмердүүлүгү менен таанышкан Бакыт Төрөбаев, өндүрүш обьектилерин курууда жергиликтүү бийлик,тийиштүү мамлекеттик органдар көмөктөшүүсү зарыл.Учур талабына ылайык,кичи ГЭСтерди курууга Президентибиз Садыр Жапаров өзгөчө көңүл бурууда деп белгиледи.

Белгилей кетсек, учурда Баткен облусунун аймагынан агып өткөн дарыяларда 5 чакан ГЭС курулуп жатат. ГЭСтердин курулушу бир эле электр энергиясы эмес, сугат суу маселесин чечүүдө да зор мааниге ээ.

Связанный пост