Баткенде III Эл аралык туристтик көргөзмө өттү

Бугун 22-майда Баткен облусунда үчүнчү ирет уюштурулуп жаткан «IBTE» фестивалы “Көчмөндөрдүн тамак ашы”, “Айгүл”, “Баткен күрүчү”, “Килем” көргөзмө фестивалдары менен башталды.

 

Анда аймакта өстүрүлгөн жана өндүрүлгөн экологиялык жактан таза, натуралдуу азык түлүктөр, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, кайра иштетүү жана жеңил өнөр ишканаларынын өндүргөн продукциялары коюлду.

 

Өзгөчө малинадан жана күрүчтөн жасалган токоч, дары чөптөрдөн жасалган самын, бак дарактардын тамырынан жасалган сувенирлер, боексуз токулган килемдер, көчмөндөрдүн улуттук тамак аштарынын жүздөгөн түрү келген коноктордун көңүлүн бурду.

 

Иш чаранын рассий бөлүгүнө КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков, Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова, Англиянын элчиси Николас Боулер, Орусиядан, Өзбекстандан келген коноктор катышты.

 

Жетекчилер Баткен облусунун туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөр, алгачкы натыйжалар тууралуу сөз сүйлөп, өтүп жаткан иш чара Баткен облусунун туризм тармагын өнүктүрүүгө зор өбөлгө болот деп белгилешти.

 

Андан соң жалпы катышуучулар “Баткен областында туризмди туруктуу өнүктүрүү” темасында тегерек столго чогулушту.

 

Иш чарада облустун жана ар бир район шаардын туристтик потенциалы тууралуу баяндамалар жасалып, туризмди өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды.

 

Белгилей кетсек, аталган фестиваль облуста үчүнчү ирет өтүп жатат, буга чейин эки ирет облус борбору Баткен шаарында өткөн.Быйылдан тарта аталган иш чара жыл сайын облустун ар башка район шаарында кезеги менен өткөрүлөт.

 

Белгилей кетсек, акыркы үч жылда,туризм Баткен облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты катары каралып, бир катар тарыхий жана өзгөчө кооз жаратылыш аймактары туристтерге эшигин ачты.

Алсак уникалдуу, түркүн түстүү Мадыген геопаркы түзүлүп, аймактагы Кан-И-Гут үңкүрү, байыркы от казандар, деңиз калдыктары туристтерди өзүнө тартууда.Ошондой эле Дугаба альпинисттик базасы, Асан-Үсөн чокусу альпинисттердин кызыгуусун арттырууда.

Учурда Баткен облусунун туризм боюнча логотиби жана туристтик картасы иштелип чыккан.Туристтерди кабыл алып кеңеш берүүчү борбор,байкоо аянтчаларын куруу иштери жүрүп жатат.

Связанный пост