Баткенде дагы бир чакан ГЭС пайдаланууга берилет
Кадамжай районунда “Базарбай ата” чакан ГЭСинин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ГЭСтин 1-агрегаты тесттик режимде иштеп, сыноодон ийгиликтүү өттү. Анын кубаттуулугу саатына 200 кВтты, ал эми жалпы убаттуулугу 600 кВт түзөт.
Жеке ишкер ГЭСтин курулушуна 8 млн сом инвестиция салган. Мындан сырткары, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан 8 млн сом насыя берилген.
ГЭСтин ишке кириши менен аймактагы электр энергиясына болгон муктаждык жеңилдейт.
10 адам жумуш менен камсыз болууда.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев ГЭСтин ишмердүүлүгүнөн кабар алды.