Баткенде чек арага зым тартуу иштери кызуу жүрүүдө
Баткенде кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы чек араны тосуу иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Чек арага зым тартуу иштери учурда Баткен районунун Самаркандек айылынын Сары-Таш жерлигинде жана Лейлек районунун Ак-Арык айылында уланууда.
Облус башчысы жергиликтүү жетекчилерге демаркация жумуштарына көмөк көрсөтүү, калктуу конуштарда зым тартууда жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Белгиленгендей, чек араны тосуу иштери 1-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин Лейлек районунда 26,08 чакырым, Баткен районунда 18,5 чакырым аралыкка жүргүзүлдү. Жалпы Баткен облусу боюнча 44,58 чакырым аралыкка зым тартылды.
2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы облуста 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым тосулат.