Баткенде былтыр беш айыл өкмөтү дотациядан чыкты

 Баткенде былтыр беш айыл өкмөтү дотациядан чыкты
Баткен облусунун 2024-жылды жыйынтыктаган облустук коллегиясы өтүп, ага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган коллегия мүчөлөрү, облус активи катышты.
Коллегияда облустун экономикалык жана социалдык тармактарында аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берилип, суроо жооп менен маселелер кеңири талкууланды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өткөн жылдын жыйынтыгы менен облус бардык багыттарда белгиленген планды ашыгы менен аткарган.
Беш айыл өкмөтү дотациядан чыккан. Алар;
Кадамжай районунун Масалиев, Майдан, Ак-Турпак, Исхак-Полотхан,Үч-Коргон айыл аймактары.
Коллегиянын жүрүшүндө облус башчысы Айбек Шаменов облусту өнүктүрүү боюнча жетекчилерге бир катар тапшырмаларды койду. Алар;
-КРнын Президентинин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин токтом, тескемелерин,
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмаларын убагында, сапаттуу аткаруу
-коррупциядан алыс болуу жана алдын алуу
– коопсуздукту камсыздоо
-башкы планды бузган архитектуралык курулуштарга бөгөт коюу
-жерлерди инвентаризациялоо
-чет мамлекеттерге иш сапарга чыгуу тартибин сактоо
-базарлардагы санитардык нормаларды сактоо
-негизги азык түлүк продукцияларына болгон бааны турукташтыруу
-диний мекемелердин мыйзамдуулугун кароо
-сугат суу тартыштыгын алдын алуу
-таза суу боюнча долбоорлордун үстүндө активдүү иш алып баруу
-райондун, айыл аймактардын борборлорунун инфраструктурасын чыңдоо
-жумуш орундарын түзүү
-инвестиция тартуу
-жол тыгындарын азайтуу максатында альтернативдүү, акы төлөнүүчү жолдорду куруу
-жол коопсуздугун камсыз кылуу
-жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл буруу
-1-2-март күндөрү жалпы элдик ишембиликтерди уюштуруп айлана чөйрөнү тазалоо, бак дарактардын көчөттөрүн отургузуу.
Коллегиянын соңунда, жылдын жыйынтыгы менен “Мыкты район” Кадамжай району, ”Мыкты шаар” Кызыл-Кыя шаары деп табылды.

Связанный пост