Баткенде бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Жарым жылда Баткен үчүн тарыхый учурлар орун алып, бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу облуста жарым жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылганын өкүлчүлүктөн билдиришти.
Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, алардын ичинде мамлекет тарабынан төмөнкү иштер аткарылды:
-Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек ара келишими кабыл алынды;
-Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек аралары расмий ачылды;
-Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду;
-Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштери башталды.
Бүгүнкү күндө “Жаңы Баткен” шаарын куруу боюнча долбоорлоо, жерин трасформациялоо жана административдик-аймактык реформа иштери жүрүүдө. Муну менен катар Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына Жаңы Достук айылынын курулушу башталды.
Ошондой эле Баткен шаарында 10 миң адамга ылайыкталган футбол стадионунун курулушу жүрүп жатат. “Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында 12 кабаттуу үйлөрдүн курулууда, батирлердин жалпы саны 4272ни түзөт.
Мындан тышкары, облусту өнүктүрүүгө жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сом акча каражатына жол, таза суу, сугат суу, киреше алып келүүчү өндүрүш ишканалары, туристтик обьекттер курулууда. “Алга Кадам” ирригациялык ири долбоору үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп берилип, иш алып барылууда.
Булак “Кабар” агенттиги