Баткенде актуалдуу маселелер боюнча жыйын өтүп, тапшырмалар берилди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов күн мурун аким, мэрлер жана облустагы тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйындын күн тартибинде бир катар актуалдуу маселелер – жер мунапысынын мыйзам чегинде ишке ашырылышы, аткезчиликке каршы күрөш, сууга чөгүү учурларынын жана жол кырсыктарынын алдын алуу, таштанды таштоочу жайлардын абалы боюнча маселелер каралды.
Ыйгарым укуктуу өкүл элдин турмушуна түздөн-түз таасир эткен бул көйгөйлөрдү өз убагында көзөмөлгө алып, алдын алуу иш-чараларын күчөтүүнү талап кылды.
Жер мунапысы боюнча: Жарандарга мыйзам чегинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин баса белгиледи. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун эске алып, айыл чарба багытындагы жерлерди өз билемдик менен ээлеп алуу менен башка багытта пайдалануу учурларына жол бербөө керектигин эскертти.
Аткезчиликке каршы күрөшүүдө: Чек ара кызматы, укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара аракетин күчөтүү тапшырмасы берилди.
Сууга чөгүү учурларынын алдын алуу үчүн: Жайкы мезгилде эл көп чогулуучу, сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүү, маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү зарыл экендигин айтты.
Жол кырсыктары боюнча: Профилактикалык иштерди активдештирүү, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмаларын тиешелүү органдарга жүктөлдү.
Таштанды таштоочу жайлардын абалы боюнча: Таштанды талааларын иретке келтирүү,экологиялык талаптарга шайкеш келтирүү, санитардык талаптарды сактоо багытында тез арада иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.
Жыйындын жыйынтыгында Айбек Шаменов ар бир багыт боюнча конкреттүү чаралар кабыл алынып, алардын аткарылышын жеке көзөмөлүндө кармарын билдирди.