Баткенде 226 млн сомдук кыш заводу ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды
Раззаков шаарындагы 226 млн 44 миң сомдук кыш чыгаруучу завод ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан 1994-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, мамлекеттин үлүшү 30% болгон ар кандай үлүш жерлери бар Раззаков кирпич заводунун аймагы мамлекетке кайтарылды.
Белгилүү болгондой, бул аралыкта мамлекет менчиктештирилгенден бери “АООТ-Исфана” компаниясынан кандайдыр бир дивиденд алган эмес.
Мындан улам “АООТ-Исфана” ААКтын акционерлери жана төрагасы А.Д. Анарботоев менен жүргүзүлгөн тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча Раззаков шаарындагы базар баасы 226 млн 44 миң сомдук кыш заводу 12 558 м2 жер тилкеси менен ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын суниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.