Баткенде үч ипотекалык турак жай комплекси курулууда
Баткен шаарында “Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү үйлөр курулууда.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Айбек Шаменов ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алып, иштин жүрүшү боюнча жеринде куруучулардын маалыматын укту.
Шаардын Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги 7 гектар аянтта “Асман резиденс №1” турак жай комплексинде 3, 2 жана 1 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүн курулушу жүрүүдө. Батирлердин жалпы саны 2364.
Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, курулушту 2026-жылдын соңунда аяктоо пландалган. Учурда курулуштун алды 6-кабатка көтөрүлдү. Курулуш материалдары, техникалар жетиштүү. 500дөй жумушчу иштеп жатат.
Долбоор боюнча көп кабат үйлөрдүн алдында спорттук жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода түйүндөр пландалган.
Белгилей кетсек, “Менин үйүм – 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында 12 кабаттуу “Асман резиденс №1”, “Асман резиденс №2” “Асман резиденс №3” турак жай комплекстери, Курманжан датка-Алымбек датка көчөлөрүндө, Садыков жана Нургазиев көчөлөрүндө курулуп жатат. Үч комплекстеги батирлердин жалпы саны 4116ны түздү. Ал эми Ипотекалык үйлөр облустун бардык район шаарларына, чек арага чектеш айылдарда куруу пландалган, ал үчүн жер участоктору ажыратылып, сунуштар жиберилген.