Баткен шаарындагы азык-түлүк саткан дүкөндөргө рейд жүргүзүлдү

Баткен шаарында жугуштуу оорулардын алдын алуу жана тамак-аштан ууланууну болтурбоо максатында рейддик иш чаралар уланууда. Шаар мэринин буйругуна ылайык атайын комиссия түзүлүп, соода-сатык түйүндөрүндөгү азык-түлүк продукциялары текшерилди. Анда мөөнөтү өтүп кеткен, сапатына негизделген сертификатар жана продукцилардын санитардык абалы текшерилди.
Рейддик текшерүүнүн жүрүшүндө дүкөндөрдө чыгарган жана сактоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөгөн, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр табылып, сатыктан алынды. Сатуучуларга эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эгерде коюлган санитардык талаптар аткарылбаса, административдик чара көрүлөөрү айтылды.

Связанный пост