Баткен шаарында заманбап шарттары менен мал союучу цех курулду

 Баткен шаарында заманбап шарттары менен мал союучу цех курулду

Заманбап мал союучу жайды куруу үчүн Баткен шаардык мэриясы өнөр жай аймагынан 1 га жер тилкесин аукцион аркылуу берген. Жеке ишкер Ырысбай Калматов шаар мэриясына бизнес-долбоорун сунуштап, заманбап мал союучу жайды курган. Курулуш иштери 2020-жылы башталып, 2021-жылдын 9-декабрында пайдаланууга берилди. Курулуш иштерине 18 миллион сом өздүк салым кошулган.

Бул жайда бодо мал жана майда мал жандыктарын союууга бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, мал союучу жай ветеринардык-санитардык, гигиеналык абалга толук жооп берет. Бул жердеги кызмат көрсөтүүдөн жалпы шаар тургундары пайдалана алат.

Шаар мэри Имамназар Бурканов “Мал союучу жайдын курулушу жана ишке берилиши Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жакшы шарт түзөт. Келечекте бул ишкана шаарыбыздын экономикалык абалына оң таасирин тийгизип, келерки жылга карата 50 адам жумуш менен камсыз болот. Ошондой эле май союучу жайда малдар атайын адистердин көзөмөлү менен союулуп, калк таза, адал чийки эт менен камсыз болот”, – деди

Связанный пост