Баткен шаарында асфальт-бетон чыгарган завод ачылат
Баткен шаарында асфальт-бетон чыгарган завод ачылат.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаардын өнөр жай зонасында жайгашкан асфальт-бетон заводунун ачылуусу 31-август, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө пландалган.
Учурда ишкана бардык керектүү, заманбап жабдуулар менен жабдылып, асфальт жана шагыл чыгарууга толук даяр. Заводдун иши толугу менен автоматташтырылган. Адистер чоң техникаларды компьютер менен башкарат.
Жалпы 30га жакын адам жумуш менен камсыз болууда. Ишкана күнүнө 1000 тонна асфальт чыгаруу кубаттуулугуна ээ.
Ири өндүрүш ишканасын курулушу үчүн, шаардык мэрия 3 гектар жер аянтын ажыраткан. Ал эми жеке ишкер Тынчтык Курбанбеков заводду ишке киргизүү үчүн 45 млн сом инвестиция салган.
Заводдун курулушу менен Баткен облусундагы автожолдорду куруудагы асфальтка болгон муктаждый дээрлик жеңилдейт. Буга чейин облуста бир гана мамлекеттик асфальт заводу иштеп келген.