Баткен облусунун аймагында жер титиреди

 Баткен облусунун аймагында жер титиреди

Баткен облусунун аймагында бүгүн, 20-ноябрда саат 10:10дө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө Лейлек районунун Коргон айылынан түндүк-чыгышка карай 28 чакырым, Баткен шаарынан түштүккө карай 70 чакырым аралыкта жайгашып, анын күчү Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост