Маматалиев: Кыргыз тилин күн сайын колдонуу – аны өнүктүрүүнүн негизги жолу

 Маматалиев: Кыргыз тилин күн сайын колдонуу – аны өнүктүрүүнүн негизги жолу

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин бүгүнкү жыйынында кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Ал кыргыз тили кылымдарды карыткан тарыхты, каада-салтты, нарк-насилди жана дүйнө таанымды камтыган баа жеткис мурас экенин белгиледи. Ошондой эле «Манас» эпосу ата-бабалар тарабынан дал ушул тилде жаралып, элдин биримдигин, руханий баалуулуктарын жана улуттук өзгөчөлүгүн муундан муунга жеткиргенин белгиледи.

Марлен Маматалиевдин айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү мамлекеттүүлүктү бекемдөө, улуттук биримдикти чыңдоо жана руханий мурасты сактоо менен тыгыз байланыштуу.

“Тилдин күчү аны күн сайын колдонууда, балдарыбызга үйрөтүүдө жана кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүүдө турат. Ар бир үй-бүлөдө мамлекеттик тилге болгон мамиле бекем болсо, мамлекеттин келечеги да бекем болот”, – деди ал.

ЖК төрагасы кыргыз тилин коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонууга жана заман талабына ылайык өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ал Кыргызстан көп улуттуу мамлекет экенин белгилеп, өлкөдө жашаган бардык этностордун тилдерине, маданиятына жана салттарына урмат-сый менен мамиле кылуу маанилүү экенин кошумчалады.

Связанный пост