Баткен облусунда жалпы суммасы 5 млн долларды түзгөн 6 долбоор ишке ашты

 Баткен облусунда жалпы суммасы 5 млн долларды түзгөн 6 долбоор ишке ашты

Баткен облусунда жалпы суммасы 5 млн долларды түзгөн 6 долбоор ишке ашты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Белгиленгендей, натыйжада 140 жаңы жумуш орундары түзүлдү.

 

Ишканалар бүгүн, 30-декабрда, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун онлайн катышуусунда ачылды.

 

Алар:

 

Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Жаңгакты дарыясына курулган «Белес» чакан ГЭСи.

Лейлек районунун Раззаков шаарында жайгашкан этти кайра иштетүүчү цех.

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Мурзакарим” ЖЧКсынын темир бетон заводу

Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында “Мега Стоун Ресурс” ЖЧКсынын шагыл майдалоочу цехи

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында таш майдалоо жана бетон чыгаруу цехи

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында “Табышкер” ЖЧКсынын Үч-Коргон көмүр кени.

Белгилей кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата 31-августта облуста 7 объект ачылган.

 

Андан соң, Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 объект ачылып, пайдаланууга берилген.

 

Учурда облуста дагы 4 типтүү мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр.

 

Бүгүн жалпы өлкө боюнча 17 ишкана ачылды. Ишканалардын ачылуу аземине жеринен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Связанный пост