Баткен облусунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория ачылды

 Баткен облусунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен облусундагы өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы пайдаланууга берилди.

Лабораториянын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.

Мекеме заманбап лабораториялык оргтехника жана кеңсе эмеректери менен жабдылган.

Баткен өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясы аймакта зыянкечтерди, илдеттерди жана отоо чөптөрдү аныктоо жана алдын алуу  максатында курулган. Ошондой эле экспортко чыгуучу айыл чарба продукцияларына лабороториялык изилдөө жүргүзөт.

Буга чейин дыйкан-фермерлер,ишкерлер экспортко чыгарууну пландаган айыл чарба продукцияларын Ош шаарына алып барып, лабороториядан өткөрүп келишкен.

Мындан ары дубандагы ишкерлер өндүргөн продукцияларын жеринде лабораториялык текшерүү менен экспортко сертификат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Лабораторияда төмөнкү экспертизалар жүргүзүлөт:

1.Энтомологиялык

2. Микологиялык

3. Бактериологиялык

4. Гематологиялык

5. Гербологиялык.

Связанный пост