Баткен облусуна бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 23 долбоор ишке ашууда

 Баткен облусуна бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 23 долбоор ишке ашууда

Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, 2024-жыл үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сом акча каражатына облус боюнча 23 долбоор ишке ашырылууда.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата 7 долбоор аткарылып бүттү. Алар:

1. Самаркандек айыл аймагында туристтер үчүн кароо аянтчасы.
2. Кара-Бак айыл аймагындагы туристер үчүн кароо аянтчасы.
3. Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагындагы муниципалдык айыл чарба продукцияларын сактоочу борбору.
4. Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы узундугу 5 км болгон ички жолду асфальттоо иштери.
5. Кадамжай шаарындагы айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борборунун курулушу.
6. Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык балансындагы Ибн Сина дарыканасынын имаратын кайра профилдештирип, балдар бакчага айландыруу.
7. Ак-Турпак айылындагы Кожешкен дарыясынын 250 метр аралыгын бекемдөө иштери.

Учурда 16 долбоор аткарылууда. Алар:

1. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына сары ташты кесип кайра иштетүүчү заводун куруу.
2. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Кожешкен дарыясынын 500 м аралыгын бекемдөө.
3. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагындагы туристер үчүн кароо аянтчасын куруу.
4. Кадамжай шаарына муниципиалдык бардык мезгил үчүн жабык спорттук суу бассейинин куруу;
5. Айдаркен шаарына муниципалдык таш майдалоочу жана темир бетон курулуш материалдарын өндүрүүчү цех ачуу.
6. Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына муниципалдык айыл чарба продукцияларын сактоочу борбор куруу.
7. Лейлек районунун Кайрагач айылына ҮДТ имаратын жаңыдан куруу.
8. Лейлек айыл аймагындагы Баул айылына ҮДТ имаратын жаңыдан куруу.
9. Лейлек районунун Айбике айылына ҮДТ имаратын жаңыдан куруу.
10. Лейлек районунун Саркент – Ак-Суу дарыясынын жээгине 2500 метр узундуктагы таш дамба каналын куруу.
11. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына соода сатык борборун куруу иштерин улантуу.
12. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына муниципалдык автобекет куруу иштерин улантуу.
13. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынындагы өнөр жай комплексинин инфратүзүмүн жакшыртуу жана долбоордук-сметалык документациясын даярдоо.
14. Кызыл-Кыя шаарынын Сухой-Сай участогунда “Дʏң соода комплексин” куруу иштерин улантуу.
15. Кызыл-Кыя шаарынын аймагына мейманкана куруу.
16. Кызыл-Кыя шаарынын аймагына эки Үй бүлɵлүк дарыгерлер тобунун имараттарын куруу долбоору.

Белгилей кетсек, 23 долбоордун ичинде каржылоосу жылдан жылга уланып курулуучу ири долбоорлор да бар.

Связанный пост