Баткен облусу Түркиянын “Остим” компаниясы менен кызматташат

 Баткен облусу Түркиянын “Остим” компаниясы менен кызматташат

Баткен облусу Түркиянын “Остим” компаниясы менен кызматташат. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 9-10 февраль күндөрү, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаздын жетекчилиги астында, Анкара шаарында кыргыз-түрк өкмөттөр аралык 11-жыйынынын алкагында, кыргыз-түрк бизнес форуму болуп өткөн.

Анын алкагында Баткен облусунан барган делегация Түркия мамлекетиинин бир катар ишканалары менне кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишти.

Аталган бизнес форумга КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. Мадяров, Эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы А. Адылбековдор катышты.

Түркиянын Остим компаниясына, Баткен облусунун Баткен шаарынын Чет-Булак кварталындагы өнөр-жай зонасында биргелешкен ишканаларды ачуу сунушталып, кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду.

Протоколго КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров менен “Остим” технопаркынын президенти Орхан Айдин кол коюшту.

Орхан Айдин мырза өз кезегинде Остим компаниясы менен Баткен облусунун алакаларынын өнүгүүсүнө ишеничин билдирип, “Баткен облусу Түркиянын көңүлүн бурган аймак болсун” деген каалоосун билдирди.

Кыргызстандан, анын ичинде Баткен облусунан барган делегация Остим компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, буга чейинки жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз-түрк K-NEFT компаниясы, Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы нефтини өндүрүү боюнча мамлекеттик “Кыргызтранснефтегаз” ишканасы менен да келишим түзүүгө жетишти.

Баткенден барган делегация Түркия мамлекетинин туризм тармагынын учурдагы абалы менен таанышуу максатында Бурса шаарындагы кышкы тоо туризминин өнүгүүсү жана Юнесконун тизмесиндеги тарыхый жерлер менен да таанышышты.

Бул форумга өлкөнүн экономикасынын айыл чарба, жеңил өнөр жай, энергетика, медицина жана экономиканын башка тармактарынан адистер катышты.

Связанный пост