Баткен облустук милициясына 16 кызматтык унаа тапшырылды
Баткен облустук милициясына “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 16 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаалар бүгүн, 11-февралда Баткен облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталышындагы форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тарабынан тапшырылды.
Белгиленгендей, иш-чара элдин коопсуздугун чыңдоого жана кылмыштуулукту алдын алууга багытталган.
“Ал эми жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Баткен ОИИБдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук жана Кызыл-Кыя, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө өткөрүлүп берилди. Бул унаалар иштин алга жылуусуна, жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө түзмөкчү”, – деп айтылат маалыматта.