Баткен-Боз-Адыр унаа жолу оңдолууда
“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан азыркы тапта эски асфальтты сыйрып алуу иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери апрель айында башталган. Быйыл Баткен-Боз-Адыр (Ош-Баткен-Раззаков жолунун эски багыты) унаа жолунун 195,8-207,8-чакырым аралыгын асфальттоо каралган. Жалпы 22 чакырым болгон жолдун 12 чакырымына асфальт жаткыруу иштери жай айларында жыйынтыкталат.
Жер иштери бүткөн соң жаңы асфальт төшөө бардык жол куруу нормаларына ылайык салынат.