Баткен: Ай-Көл айылында 225 орундуу мектеп ишке берилет
Курулуш министрлиги тарабынан Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ай-Көл айылында Н.Батыров орто мектебинин курулушу толук бүткөрүлдү. Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Тендердик баасы 106 миллион сомду түздү.
Жалпы аянты 1141 чарчы метр болгон билим ордо 225 орунга ылайыкталып, эки кабатуу окуу корпусунан турат. Окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар каралып, заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалды. Мектеп 1-сентябрда ишке берилет.