Башталгыч класстардын тамагына бөлүнгөн акча өстү

 Башталгыч класстардын тамагына бөлүнгөн акча өстү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулаган кезектеги аппараттык жыйынын өткөрдү.

Жыйында 1-4-класстын окуучуларынын тамактануу сапатына көңүл бурулду. Анализ көрсөткөндөй, бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндөгү азыркы норма балдардын толук жана тең салмактуу тамактануусу менен камсыз кылуу үчүн жетишсиз.

Адылбек Касымалиев президенттин чечими менен стандарт кескин жогорулап, 2027-жылдын 1-январынан тарта бир окуучу үчүн күнүнө 40 сомго чейин көтөрүлөрүн билдирди.

“Балдарыбыздын ден соолугу мамлекеттин абсолюттук приоритети болуп саналат. Каржылоону үч эсеге жакын көбөйтүү өлкөнүн ар бир мектебинде тамак-аштын сапатын реалдуу, сезилерлик жакшыртууга алып келиши керек. Биздин милдет – келечек муундар үчүн бул маанилүү чечимдин кемчиликсиз жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуу”, – деп жыйынтыктады минкаб төрагасы.

Бул маселе боюнча минкаб төрагасы Финансы министрлигине 2027-жылга республикалык бюджетти пландаштырууда зарыл болгон финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылууну жана бардык даярдык процедураларын алдын ала жүргүзүүнү тапшырды. Ошону менен бирге Саламаттык сактоо министрлигине Агартуу министрлиги менен бирдикте калориялуулугун, тамак-аштык баалуулугун, жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен мектеп окуучулары үчүн жаңы, тең салмактуу менюну иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына 2027-жылдын 1-январынан тарта жаңыланган менюну үзгүлтүксүз ишке киргизүү үчүн муниципалдык ченемдик укуктук актыларды каржылоонун жаңы стандарттарына тез арада шайкеш келтирүү тапшырылды.

Связанный пост