Башкы прокуратура ишкерлерди коргогон атайын бөлүм ачты
 
			
    Башкы прокуратура ишкерлерди коргогон атайын бөлүм ачты. Бул тууралуу “Улуттук инвестициялык диалог” аталышындагы иш-чарада башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана инвесторлор менен ишкерлерди колдоо боюнча» жарлыгына ылайык, прокуратура органдарына бизнести негизсиз текшерүүгө бөгөт коюу, менчикти жана инвестицияларды коргоону камсыздоо, лицензиялоо, бажы, салык жөнгө салуу тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү күчөтүү чаралары боюнча тапшырма берилген.
Мына ошого байланыштуу башкы көзөмөл органы инвесторлордун жана ишкерлердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону артыкчылыктуу багыт катары карап, атайын бөлүм ачылып, учурда иш алып барып жатканы баяндамада белгиленди. Бул атайын бөлүмдүн иши инвестицияларды жана ишкердикти коррупциялык басымдан жана мыйзамсыз кийлигишүүлөрдөн коргоого багытталып, укуктук калкан катары кызматы кылары айтылды.
“Улуттук инвестициялык диалог” аталышындагы бул иш-чарада мамлекеттин, ишкер чөйрөнүн жана инвесторлордун ишенимдүү өнөктөштүгүн камсыздоо чаралары талкууланып, атайын үч жактуу меморандумга кол коюлду.
Булак “Кабар” агенттиги
 
								 
                                     
                                    