Башкы прокуратура: Ишкердин 1 млн сомго жакын салык карызы жоюлду

 Башкы прокуратура: Ишкердин 1 млн сомго жакын салык карызы жоюлду

Башкы прокуратуранын чара көрүүсүнөн кийин ишкердик субъекттин 950 миң сомдон ашык салык карызы эсептен чыгарылды.

Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, салык органы тарабынан салыктык түйшүктү азайтуу боюнча мыйзам талаптарынын аткарылбаганын аныкталган. Тактап айтканда, “П” ЖЧКсынын мыйзамга ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болгон салык карызы компаниянын ашыкча төлөмдөрүнөн жабууга чегерилген.

Прокурордук чара көрүү актысы каралгандан кийин тиешелүү салык органы карызды эсептен чыгарды. Мындан ары мындай карыздарды ашыкча төлөнгөн суммалардын эсебинен автоматтык түрдө жабууга жол бербөө боюнча чаралар көрүлдү.

Связанный пост