Бардык мамлекеттик төрөт үйлөр «Туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасына кошулду

 Бардык мамлекеттик төрөт үйлөр «Туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасына кошулду

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасында ар кайсы уюмдарда төрөлгөндөрдүн 110 минден ашык фактылары тууралуу маалымат бар экенин билдирет. Учурда бардык 74 мамлекеттик төрөт үйлөрү, ошондой эле өлкө боюнча жеке менчик төрөт үйлөрүнүнүн 90%дан ашыгы системага кошулду.

АМСтин максаты бул ар кайсы уюмдарда туулган фактыларды каттоону эсепке алуу үчүн так жана ишенимдүү системаны камсыз кылуу. Бул туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү процессин тездетип, жаңы төрөлгөн балдардын үй-бүлөлөрүнө өз убагында алуусун камсыздайт.

Мындан тышкары, «Туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк» АМС ишинин аркасында «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга онлайн арыз берүү боюнча жаңы кызмат ишке киргизилди.

Связанный пост