Балыкчыда тиричилик таштандыларын кайра иштетүү үчүн экопарк курулат

 Балыкчыда тиричилик таштандыларын кайра иштетүү үчүн экопарк курулат
Тиричилик таштандыларын кайра иштетүү үчүн экопарк түзүү боюнча Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Бүгүн, 2024-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиевдин жана “IVP CZ Чехиялык a.s.” компаниясынын Казакстандагы жана Азиядагы башкы өкүлү Сергей Парцикяндын ортосунда тиричилик таштандыларын кайра иштетүү жана экопарк түзүү боюнча меморандумга кол коюлду.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Балыкчы шаарынан 15 гектар жер бөлүнөт. Экопаркта таштандыларды кайра иштетүүнүн алдыңкы технологияларын колдонулуп аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө жол ачмакчы.

Связанный пост