Балыкчыда 35 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарындагы “Ынтымак” ААКтын (мурдагы Балыкчы жемиш-чарба совхоз-комбинаты) 35,4 га аянттагы жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында “Ынтымак” ААКтын жерлерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган акционердик коом тарабынан Ысык-Көл районунун Григорьевка жана Ананьева айылдарынын аймагында жайгашкан, аянты 15,3 жана 20,1 гектарды түзгөн көп жылдык жарактуу бак-дарактары бар жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары (башкача айтканда “кызыл китеп”) мыйзамсыз алынгандыгы аныкталды.

Аталган жер тилкелери Ысык-Көл райондук администрациясынын 2000-жылдын 3-майындагы токтомунун негизинде мыйзам бузуу менен берилгени аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылып, тиешелүү баланска коюлду.

Связанный пост