Балыкчыда 10 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Балыкчыда 10 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК Балыкчы шаарынын аймагында канаттуулар фабрикалары жана чарбалык курулуштар жайгашкан 10 га жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.
Мындан улам, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси имараттар менен бирге мамлекеттик баланска кайтарылды.
Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.