Балыкчы шаарынын Ж.Абдрахманов көчөсүнүн жол четине чүкө формасындагы бордюрлар коюлду

2-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында, ошондой эле Балыкчы шаарынын мэриясы иш алып барып жаткан 6 багыттын бири болгон «кооз шаар» багытынын негизинде, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун аты берилген борбордук көчөсүндө жол четтерине чүкө формасындагы бордюрлар коюлду.
Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу, Балыкчы шаардык мэриясы шаардын өсүп-өнүгүшү үчүн биргеликте иш алып баралы деген ой менен “Агро Куш” ЖЧКсы менен баарлашуу өткөрүп, демилге көтөргөн. “Агро Куш” ЖЧКсынын генералдык директору Аскат Абдрахманов демилгени колдоп, компаниянын атынан чүкөлөрдү жасатууга 1 млн сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берген. Аталган суммага 500 даана чүкө жасалып, жол жээктерине коюлуп баштады. Алдыда шаардын башка көчөлөрүнө да коюу пландалып жатат. Аталган чүкөлөрдү айкелчи (скульптор) Данияр Абдиев “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасында жасады.

Связанный пост