Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолуна кар көчкү түштү

 Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолуна кар көчкү түштү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери, тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост