Балыкчы – Бишкек жолунун жээгине 500 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулду
“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында Балыкчы – Бишкек унаа жолунун жээгине 500 түп ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду.
Токой кызматынан билдиришкендей, аталган маанилүү экологиялык иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын кызматкерлери жана жергиликтүү мекеме-уюмдар болуп, жалпысынан 500 адам катышты.
“Акциянын максаты – өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу, токойлорду калыбына келтирүү жана жаратылыш ресурстарын узак мөөнөткө сактоо үчүн шарттарды түзүү. Отургузулган ийне жалбырактуу дарактар абанын сапатын жакшыртууга, кыртыштын эрозиясын алдын алууга жана жаңы жашыл аймактарды түзүүгө жардам берет”,-деп айтылат маалыматта.