Балдардын билим алуусун чектеген ата-энелерди жоопкерчиликке тартууга байланыштуу мыйзам долбоору каралды

 Балдардын билим алуусун чектеген ата-энелерди жоопкерчиликке тартууга байланыштуу мыйзам долбоору каралды

Комитетте балдардын билим алуусун чектеген ата-энелерди жоопкерчиликке тартууга байланыштуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун биринчи окууда билим берүү жана илим министри – Доктургүл Кендирбаева тааныштырды.

Министр Укук бузуулар жөнүндө кодексинде төмөнкүдөй учурларда жоопкерчиликке тартуу жөнүндө ченемдерди кароо сунуш кылынарын белгиледи:

– билим алуу укугун жана КР билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузуу же мыйзамсыз чектөө;

– балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жана жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алуудан негизсиз баш тартуу;

– мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу.

Ошондой эле билим берүү чөйрөсүндөгү жогоруда аталган көйгөйлөрдү четтетүү үчүн ушул мыйзам долбоорунда айып пулдун максималдуу өлчөмү түрүндө жаза чара берүүнү киргизүү сунуш кылынат, анткени мындай көйгөй резонанстуу болуп саналат жана коомдо көп учурда көтөрүлүп турат.

Талкууда депутат Русланбек Жакышев мыйзам долбоорун колдоорун белгилеп, ошол эле учурда эмгек мигрантарынын жана жакыр жашаган үй-бүлөнүн балдары өз убагында мектепке бара албай, булар жоопкерчиликке дуушар болуп калбайбы деген суроо койду. Депутат Эмил Жамгырчиев бала бакчага жана мектепке барбаган балдардын санын тактады. Ага Доктургүл Кендирбаева бала бакчага 750 миң бала барыш керек болсо, 150 бала мектепке тартылган эмес деп жооп берди. Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоору зарылдыгын белгилеп, кийинки окууда депутаттардын сунуштарын эске алууга чакырды

Мындан тышкары комитет Билим берүү жана илим министрлигинин «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жана министрликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын укту.

Билим берүү жана илим министри – Доктургүл Кендирбаева министрликте коррупцияга каршы аракеттенүү багытында алынып барылып жаткан иш аракеттер тууралуу айтып берди. Ал билдиргендей министрликке келген арыз-даттануулардын негизинде 30дай комиссия түзүлүп, учурда аларды иликтеп жатканын белгиледи. Аны менен катар министр жетекчилерге белек берүүгө тыюу салынганын айтып, ар бир билим берүү уюмдары менен телеграм аркылуу байланышуу группалары уюштурулганын кошумчалады.

Депутат Алишер Эрбаев билим берүү министрлигинде кадрлар резервинде турган адамдарды кызматка коюуга көңүл бурулбай жатканын айтып, ага министрди көңүл бурууга чакырды. Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков билим берүү министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча негиздүү аракеттерди тактап, билим берүү кызматкерлеринин эмгек маянасын көтөрүү, алардын социалдык шарттарын жакшыртуу маселелерине көңүл бурду.

Связанный пост