Балбак Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

 Балбак Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Депутат Балбак Түлөбаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында аталган комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, кызмат ордуна Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Добуш берүүнүн негизинде Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Связанный пост