“Бала ырысы” жөлөк пулуна арызды “Түндүк” аркылуу берүүгө болот
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөк пулду дайындоо үчүн арыздарды электрондук форматта тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жарандардын убактысын үнөмдөө жана кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү максатында арыздар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу кабыл алына баштайт.
“Бул ата-энелерге эч жакка барбай, үйдөн чыкпастан эле уюлдук телефон аркылуу жөлөк пулга арыз толтурууга жана тиешелүү документтерди электрондук түрдө жөнөтүүгө шарт түзөт”, – деп айтылат маалыматта.