Бала бакчалар үчүн атайын билим берүү программалары иштелип чыгууда

 Бала бакчалар үчүн атайын билим берүү программалары иштелип чыгууда

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн атайын адаптацияланган билим берүү программасын жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарга бирдей жана толук кандуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инклюзивдик билим берүү программасын иштелип чыгууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, программаларды иштеп чыгууга Агартуу министрлигинин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ – Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери жана бала бакчалардын логопеддери, дефектологдору жана башка адистер тартылган.

Министрликтин бул демилгеси билим берүүдө инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу жана өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт.

Связанный пост