Бакыт Төрөбаев: Социалдык маанидеги товарлардын бааларына бирдиктүү баа саясаты жүргүзүлөт жана көзөмөл күчөйт
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Президенттин Администрациясында социалдык маанилүү делген товарларга болгон баалардын өсүү темпин кармап турууга байланышкан жыйын өткөрдү.
Отурумда негизинен социалдык маанидеги товарлардын тизмесине кирген азык-түлүктөрдүн бааларынын өйдө-төмөн болгондугуна байланыштуу анализди, мониторингди күчөтүү, экспорт жана импорт маселеси, инфляциянын деңгээли жана бааларга мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнүн механизмдери каралды. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу ыкчам жана кыска мөөнөттүү чараларды көрүү сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.
Анда мал эти, өсүмдүк майы, ун, картошка, кумшекер, сабиз жана пиязга болгон бааларды, өзгөчө мал этине болгон бааны ар бир календардык күндө Бишкек жана Ош шаарларында дыкат көзөмөлдү жүргүзүү жана анын жыйынтыгын Президенттин Администрациясына жиберип туруу тапшырмасы Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, Улуттук статистика комитетине коюлду.
Ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматына импорттук азык-түлүктөргө кошумча нарк салыгын төмөндөтүүнүн мүмкүнчүлүгүн кароо, Улуттук банкка дыйканчылык жана мал-чарбачылык кылган жарандарга жеңилдетилген насыя берүүнүн ыкмаларын дагы карап чыгуу тапшырмалары берилди.
Мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясына “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому менен биргеликте социалдык маанилүү товарларды сатуучу муниципалдык күркө уюштуруу тапшырылды. Ушул эле ыкманы өлкөнүн жети облусунда колдонуп көрүү протоколдук тапшырма катары киргизилди.
Отурумдун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы айдоо аянттарынын 88%зы элдин иштетүүсүндө экенин, ал эми жарандардын 65%зы дыйканчылык жана мал-чарбачылык менен киреше табаарын айтып, аны менен катар Министрлер Кабинети бирдиктүү баа саясатын жүргүзүүнүн жана көзөмөлгө алуунун үстүндө дайым иш жүргүзүп тураарын билдирди.
Социалдык маанидеги товарлардын тизмесине товарлардын 50 түрү кирет. Ал тизме бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт.