Бакыт Төрөбаев Нарында эл менен жолугушууларды өткөрүүдө
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумушчу сапары менен Нарын облусуна барды.
Ведомстводон аалымдашкандай, ал жумушчу сапарынын алкагында Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал райондорунун III Элдик курултайда айыл чарбасы жаатында маселелери менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Жолугушууда дыйкан-фермерлер тарабынан көтөрүлгөн калктуу пункттарды таза суу менен камсыз кылуу, ирригация, БДР-БСРди куруу, каналдарды калыбына келтирүү, кайра иштетүү тармагына басым жасоо, жайыт, сүт маселеси, соода-логистикалык борборлорду ишке берүү, ошондой эле жеңилдетилген насыялар жана ветеринарияга тиешелүү маселелер талкууланып, көйгөйлөрдү жеринен чечүүгө көңүл бурулат.
Мындан сырткары, экспорт, айыл чарба багытында тармактык илим-билим, тажрыйба алмашууну өркүндөтүүгө маани берилет.
Жыйынга облус жетекчилери, министрликтин жооптуу кызмат адамдары, акимдер, элет тургундары жана курултайдын катышуучулары катышты.