Бакыт Төрөбаев мамлекетте өндүрүлгөн продукциялардын жана атайын техникалардын көргөзмөсүнө III Элдик Курултайдын делегаттары менен биргеликте катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев кезектеги III Элдик Курултайга катышуу үчүн өлкө аймактарынан шайланып Бишкек шаарына келген делегаттар менен биргеликте өлкөдө өндүрүлгөн продукциялардын жана мамлекеттик органдар үчүн сатып алынган атайын техникалардын көргөзмөсүнө катышты.
Борбордук “Ала-Тоо” жана Т. Усубалиев атындагы аянттарында уюштурулган көргөзмөгө мамлекетте өндүрүлгөн жеңил өнөр жай, кайра иштетүү, айыл чарба сыяктуу бир катар тармактарынын 90дон ашуун ишкананын продукциялары коюлган.
Ошондой эле, көргөзмөдө Кыргызстанда чыгарылган унаалардын жана мамлекеттик органдар үчүн сатып алынган атайын техникалардын үлгүлөрү көрсөтүлдү.
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары мамлекет тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу III Элдик Курултайдын делегаттарына учкай айтып берип, өлкө Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мамлекеттик органдарга 8 миллиард сомдон ашуун каражатка 2 миңден ашык атайын техника сатып алынганын, 2024-жылдын жыйынтыктары боюнча Ички дүң продукциянын көлөмү өсүп, экономикалык өсүш бардык тармактарда камсыздалганын билдирди.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 20-21-декабрь күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда кезектеги III Элдик Курултайдын жыйыны өткөрүлөт. Курултайга катышуу үчүн өлкө аймактарынан 700 делегат шайланып келген.