Бакыт Төрөбаев кытайлык компаниялардын жетекчилери менен жолукту

Кытайдын Пекин шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба, кайра иштетүү жана энергетика тармактарында иш жүргүзгөн бир катар компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

 

Алгач “Zoomlion” компаниясынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда Кыргызстанда айыл чарба тармагын адистештирилген техникалары менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларын кураштыруу боюнча окутуу борборун ачуу маселелери сүйлөшүлдү.

 

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев учурда кыргыз тарап Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону кеңейтүү боюнча активдүү иш алып барып жатканын белгилеп өттү.

 

Маселен, бул багытта кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктуна жана “Улугчат” бажы зонасына жакын жерде көзөмөлдөөчү кампа курулууда. Долбоордун аяктоосу жакын арада бүткөрүлөөрү күтүлүүдө, бул Кыргызстан жана Өзбекстандан Кытайга жүк ташуунун көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Курулуш иштерин “Heze Water Group Co., Ltd” компаниясы жүргүзүп жатканы жолугушууда белгилүү болду.

 

Мындан тышкары “China National Electric Engineering Co., Ltd” компаниясы менен болгон жолугушууда Кыргызстанда жер семирткичтерди чыгарган завод куруу маселеси сүйлөшүлдү. Бул багытта иш алып барууда Бакыт Төрөбаев эки тараптуу тиешелүү мамлекеттик органдардан турган жумушчу топту түзүүнү сунуштады.

Ал эми айыл чарба продукцияларын импорттоо боюнча иш жүргүзгөн ”Jiangnan Delivery (GZ) Food Supply Chain Co., Ltd” компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда электрондук коммерция жаатында тажрыйба алмашуу, ошондой эле ата-мекендик продукцияны кытай рыногу тоскоолдуксуз таанышы үчүн Кыргызстанда лаборатория куруу сунушталды.

 

Мындан тышкары кайра иштетүү жана энергетика тармактарында иш жүргүзгөн компаниялар менен болгон жолугушууларда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, “кыргыз экономикасына өз каражаттарын салууга даяр инвесторлор менен иштөө мамилеси Кыргызстанда өзгөргөн, учурда мамлекеттик органдар бардык жактан колдоо көрсөтөт, инвесторлор үчүн кепилдиктер күчтөндүрүлгөн, алгач Кыргызстанга келип жеринде сүйлөшүп кетүүгө чакырам”, – деп сөзүн жыйынтыктады.

 

Белгилей кетсек, жолугушууларга Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү да катышып, компаниялар менен мындан ары тыгыз иш алып баруу макулдашылды.

Связанный пост