Бакыт Төрөбаев Кыргызстанга дүйнөлүк трансулуттук корпорацияларды чакырды

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү  Бакыт Төрөбаев трансулуттук корпорациялардын жетекчилерин, мамлекеттик органдардын жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн бириктирген 7-чи Трансулуттук корпорациялардын лидерлеринин саммитине катышып, сөз сүйлөдү.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлине токтолуп, алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк духунда жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 27 миллиард АКШ долларына жеткен рекорддук көрсөткүчкө жеткени баса белгиленди.

Өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөрдү белгилеп, Бакыт Төрөбаев саммиттин катышуучуларын өнөр жайды өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган реформалар жөнүндө маалымдады.

Сөз учурунда Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын артыкчылыктары, ошондой эле транспорттук инфраструктура, энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы келечектүү долбоорлор сунушталды. Темир жол катнашын өнүктүрүү, жашыл энергия объектилерин куруу жана заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү боюнча демилгелер катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Бакыт Төрөбаев дүйнөлүк транс-улуттук корпорацияларды Кыргызстанга активдүү кызматташууга чакырды. Ал Кыргыз Республикасынын инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоого жана аймактын туруктуу өнүгүүсүнө жана экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну колдоого даяр экендигин баса белгиледи.

Ачылыш аземинде кытай тарабынан куттуктоо сөзү менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын орун басары Хан Чжэн сүйлөдү. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагындагы алдыдагы иш-чаралар боюнча кыскача пикир алмашуу болду.

Связанный пост