Бакыт Төрөбаев калкты таза суу менен камсыз кылуу иштерин тездетүүнү тапшырды

 Бакыт Төрөбаев калкты таза суу менен камсыз кылуу иштерин тездетүүнү тапшырды

Элди таза суу менен камсыз кылуу иштерин тездетүү зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Суу ресурстары кызматынын ишмердүүлүгүнө арналган жыйында билдирди.

 

“Элди таза суу менен камсыз кылуу – бул министрликтин, ага караштуу Суу ресурстары кызматынын бирден-бир маанилүү жана приоритетүү багыты. Бул жаатта ишти тездетүү зарыл жана жер-жерлердеги курулуш-монтаждоо жумуштарын өз убагында бүтүрүү керек. Калк таза, ичүүчү суу менен камсыз болушу шарт”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

 

Кыргызстанда 1906 айыл болсо, анын 637и гана таза суу менен камсыз болгон. Калган 1071 айылга ичүүчү сууну жакынкы келечекте киргизүү керек. Учурда жалпы республика боюнча 260 айылга таза суу киргизүү программасы иштеп жатат:

 

– Жалал-Абад облусу – 24 айыл, 6 шаар;

– Баткен облусу – 72 айыл, 6 шаар;

– Ош облусу – 42 айыл 4 шаар;

– Талас облусу – 17 айыл 1 шаар;

– Чүй облусу – 42 айыл 5 шаар;

– Ысык-Көл облусу – 20 айыл, 3 шаар;

– Нарын облусу – 43 айыл, 1 шаар.

 

Ошондой эле жер алдындагы сууларды пайдалануу боюнча 2024-2030-жылдары скважиналар тууралуу программа ишке ашырылат. Бул багытта скважиналарды инвентаризациялоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында 1155 скважинада оңдоо иштери каралып, ага 3,6 млрд сом каражат сарпталат.

Связанный пост