Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча Аймактык директору менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча Аймактык директору Чарльз Кормье менен жолукту.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, өзгөчө “Камбар-Ата 1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу долбоорун талкуулашты. МинКаб Төрагасынын орун басары бул долбоордун финансылык моделин сапаттуу түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат кабыл алынганын, бул электр станцияларын куруу долбоорлорунун натыйжалуулугун жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берээрин маалымдады.

Жолугушуунун соңунда тараптар энергетика, транспорт жана айыл чарба тармактарында инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Связанный пост