Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

 Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

Улуттук тарых музейинде 13-декабрь күнү белгилүү тарыхый ишмер Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналган “Канай уулу Байтик баатырдын жашаган доору, ишмердүүлүгү, тарыхта ээлеген орду” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов өз сөзүндө “Бүгүн биз Кыргыз элинин, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечегине эбегейсиз зор салымын кошкон Байтик баатырдын басып өткөн жолун тарыхчылар менен бирге эскерип отурабыз. Баатырдын Кокон хандыгынын Чүй өрөөнүндөгү бийлигинин чыңдалышына каршы чыгып, Пишпектеги чебин уратканы, Олуя-Ата, Меркедеги чептерин талкалаган майтарылбас эрдиги, баатырдыгы бул тарых. Анын Санк -Петербург шаарына барып, Ак падышанын колунан алтын медал алышы, айтор мунун баарысы азыркы мунга үлгү, сабак болушу шарт. Биз Байтик баатыр,Ормон Хандай баатырларыбыздын эрдигин ар дайым даңазалап, акылыбызга түйүп, билип жүрүшүбүз абзел. Бүгүнкүдөй илимий- ишчаралар байма-бай өтүп турса дейм”-деп белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев буга чейин болуп өткөн Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесин уюштурууга жигердүү салым кошкону үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине Ыраазычылык катын тапшырды.

Ошондой эле илимий-тажрыйбалык конференцияда Байтик баатырдын өмүрү жана ишмердиги, орус админстрациясы менен болгон мамилелери, кыргыз тарых наамасында изилдениши жана баатырдын портретинин эл оозунда чагылдырылышы тууралуу баяндамалар окулуп, талкууланды.

Иш-чара КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, этнология жана археология институту, КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду жана КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Связанный пост