“Баатыр энелердин” балдарына билим берүүдө жеңилдик берилет

 “Баатыр энелердин” балдарына билим берүүдө жеңилдик берилет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө” токтом долбоору каралып, кабыл алынды.

Токтом долбоорун депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Төрөбекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Бактыяр Калпаев демилгелеген.

Аталган маселе менен демилгечилердин бири, депутат Медер Чотонов тааныштырды.

Анын айтымында, токтом долбоорунун максаты “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктүн конституциялык принциптерин ишке ашыруу жана билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында үй-бүлө институтун чыңдоо жана Кыргызстандын демографиялык өсүүсүнө шарттарды түзүү болуп саналат.

Связанный пост